Добавить статью
8:39, 7 апреля 2011 21750

Биз эми бийликтин катачылыктарына жана өтүп кеткен кайгылуу окуялардын кайталанышына эч качан жол бербешибиз керек

Мындан туура бир жыл мурун 7-апрелдеги окуялар Кыргызстандын тарыхында бурулуш көрүнүш болду. Адам укуктарынын бузулуп тепселиши, социалдык теңсиздик жана өлкөбүздө мыйзамсыз жүргүзүлгөн менчиктештирүү элдин кыжырын кайнатып, нааразылыгын күчөтүп, биздин мекендештерибиздин өмүрүн кыйган окуяларга алып келди. Ала-Тоо аянтында мерт кеткен 87 мекендешибиздин жана Ош, Жалал-Абаддагы окуяларда каза болгон жарандарыбыздын элеси, ошол кездеги кайгылуу күндөр баарыбыз үчүн сабак болушу керек. Биз эми бийликтин буга окшогон катачылыктарына жана өтүп кеткен кайгылуу окуялардын Кыргызстанда кайталанышына эч качан жол бербешибиз керек.

Бүгүн, Апрель революциясынын бир жылдыгын белгилеп жана өтүп кеткендерди эскерип жатып, бир гана эл бийликтин алып жүрүүчүсү экенин унутпашыбыз керек. Саясатчылардын эл алдындагы жоопкерчилиги –мамлекетти башкаруунун эң башкы шарты.

Турмушубуздагы өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын сезүү менен биз өлкөбүздүн экономикасын көтөрүү үчүн жана демократиялык коомду куруу үчүн дагы чоң аракеттерди көрүшүбүз зарыл. Коррупцияга жана уюшулган кылмыштуулукка күрөштү дагы күчөтүшүбүз керек. Улуттар аралык биримдүүлүктү жана элибиздин бирдиктүүлүгүн бекемдөө - мамлекетибиздин бардык саясий күчтөрүнүн аракетинде эң башкы багыты болуп саналышы керек.

Биз эркиндикти жана акыйкаттыкты мамлекетибиздин жаңылануусуна, өнүгүүсүнө жана бакубаттулукка жетүүнүн ченеми катары эсептейбиз. Биримдүүлүк, тынччылык үчүн бардык позитивдүү күчтөрдүн бирдиктүү болушу - республикабыздын туруктуу өсүп-өнүгүшүнүн ачкычы болуп саналат. Ушул ой-максаттардын аткарылышы жана Кыргызстандын келечеги үчүн 7-апрелде жана июнь айындагы кайгылуу күндөрдө биздин мекендештерибиз өмүрүн берген.

Алардын жаркын элеси жүрөктөрүбүздө түбөлүк сакталат!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×