Добавить статью
12:56, 23 апреля 2015 57775

Тоолук кыргыздар илимге кантип ачылыш жасай алмак эле, деген мамиле болгон...

“Машиналардын динамикасы жана бекемдиги” багытындагы инженер механик изилдөөчү адистиги боюнча жогорку билимди 1978-жылы Фрунзе политехникалык институтунан алган. Алгачкы эмгек жолун Фрунзедеги политехникалык институтунда инженер, окуу мастери, окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы кызматтарында 1973-1993-жылдары иштеген. Учурда техника илимдеринин доктору,

ЖАМУнун түптөлүшүнө жана кулач жайып кеңейишине зор салым кошкон инсан, билим берүүнүн мыктысы, илимий иштердин, маданияттын, илимий –педагогикалык интеллегенциянын өнүгүшүнө, жогорку билимдүү адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан Жалал-Абад шаардынын “Ардактуу Атуулу” наамы 2012-жылы ыйгарылган.

2006-жылдан Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын академиги, 2010- жылы Эл аралык инженердик Академиянын (Москва) мүчө корресподенти болуп шайланган

- Абдукадыр Каримович, Сиз жаш кезиңизден бери эле илим менен шугулданып келесиз. Илим жаатына аралашып калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Мен ал кезде Фрунзе шаарында белгилүү политехникалык институтунун механика факультетинде 3-курстун студенти болуп жүрүп, доцент Жеңиш Усубалиевдин жетекчилиги менен илимий ишке аралаштым. Бул 1976-жыл эле, ошол жылдагы Республикалык илимий техникалык сынактан жеңүүчү орундарды ээлегенбиз. Ошондон баштап илимге шыгым ашты деп ойлойм, кийин 1977-жылы Москва шаарындагы ВДНХда СССР боюнча өткөн студенттик илимий-техникалык сынактан да менин атыма, өзүм окуган окуу жайга атайын жиберилген “Алкыш” барагы илимге баш отум менен киргениме түрткү берген.

Мен сыяктуу жаш окумуштууларга, ал кезде мамлекет тарабынан абдан жакшы колдоо болгон. Анткени, дипломдук ишимди жактагандан кийин, мамлекеттик экзамендик комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен илимди улантууга өзүм окуган окуу жайга инженер кызматына дайындашты. Илимий ишимди профессор Самудин Абдраимовдун жетекчилигинде “Өзгөрүлмө түзүлүштөгү механизмдер” темасында улантып, ушул күнгө чейин жаңы изилдөөлөр менен толуктан келе жатабыз.

- Абдукадыр агай, чейрек өмүрүңүз ушул илим жаатында өтүптүр, илимде жасалган ачылыштар тууралуу айтсаңыз?

- Жогоруда мен айткан темадагы көйгөйлүү маселе тууралуу баса белгилеп айткым келгени, бул теманын айланасында бир топ талаш-тартыш илим адамдарынын ортосунда орун алган. Анкени, учурда жашыруун сыр деле эмес, дүйнөдөгү илим жаатын белгилүү еврейлер тейлегенденби, алыскы тоонун ичиндеги бир кыргыз ушул темада кантип эле жаңылык киргизе алсын дегендей, бир аз теңсинбеген мамиленин азабынан, илимий жетекчибиз Самудин Абдраимов ушул темада үч жолу докторлугун коргогонго мажбур болгон.

Бүгүнкү күндө темага ылайык ачылыштар кыргыз окумуштуулары академик О.Д.Алимов, профессор С.Абдраимов жана алардын шакирттринин 30дан ашык илимдин кандидаттары, 10 ашуун илимдин докторлорунун Дүйнөлүк илимге кошкон салымы деп Эл аралык илимий чөйрөдө таанылды.

- Өзүңүздүн илим изилдөө иштериңиз боюнча токтолсоңуз?

Менин илимий изилдөө аракеттеримдин алгачкы жыйынтыктары деп ”Уста” аталыштагы темир иштетүүчү пресс-автомат б.а. ар кандай механизмдерге керектелүүчү тетиктерди жасоого багытталган. Белгилүү пресс-автоматтарга салыштырмалуу, биз жасаган пресс-автоматтын өндүрүмдүүлүгү эки эсеге жогору болуп СССР өлкөлөрүнө колдонулуп, ушул күндө да актуладуу болуп келүүдө.

Андан ары бул илимдин теориялык изилдөөсүн улантып, докторлугумду жактадым жана 4 илимдин кандидатына кеңешчи болуп, учурда аспиранттарды илим жаатына тарбиялоодомун. Жыйналган илимий жана практикалык тажрыйбалардын негизинде жаңы түзүлүштөгү сокмо же урма (ударный) механизмдерди ойлоп таап жаңы машиналарды жасоого колдонулууда. Алар: урма балка(отбойный молоток), префаратор (таш көзөөчү) жана таш жаруучу машиналар сунушталды жана патенттери алынды.

- Сиз эңсеген, бирок мүмкүнчулүгүңүз жетпей калган илимдин колдонулушу тууралуу эмне дейт элеңиз?

Союз доорунда илимий иштерибиздин негизинде бир топ башка республикалардан табыштамалар да түшө баштаган эле. Бул илимдин келечеги кенендей сезилген, эгер табыштамалар көбөйсө, анда кыргызстандын өндүрүшүнө, экономикасына жакшы пайда алып келмек. Мына, ошондой алдыга койгон максаттар токтоп калганына ичимден өкүнөм. Чындыгында теория жактан далилдеген ачылыштарды ишке киргизгенде Кытайдан келип жаткан сапаты төмөн механизмдерге караганда кыргыз окумуштуулары сунуштаган механизмдер биздин өндүрүшчүлөр үчүн абдан натыйжалуу болмок. Анткени, бул машиналар импорт товарларга муктаж болбостон экспортко чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

- Келечекте илимий багыттагы максаттарыңыз кандай?

Биз эми, бул илимдин теориясы тереңделип, жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча мурда иштешкен башка мамлекеттеги коллегаларыбызга идеяларыбызды сунуштап жатабыз. Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, анда Украина, Белоруссияда даярдалып жаткан ар кандай багыттагы өндүрүштөргө колдонууга биз иштеп чыккан 10го жакын түрдөгү машиналарды сунуштамакчыбыз. Анын негизинде, Кыргызстан машиналарды экспорттоочу өлкө катары таанылып, кошумча жумуш орундары ачылып, киреше алууга жол ачылмак. Биз ушул багытта аракет жасоодобуз, эл аралык конференцияда талкуудан өтүп, байланышуу иштери ыргагы менен жүрүүдө.

- Агай, илим жаатындагы жакшы иштериңиз тууралуу маалымат алдык. Бирок, Сизди биздин Жалал-Абад аймагында жалгыз мамлекеттик университет катары түптөлүп таанылган Жалал-Абад мамлекеттик университетинин уюштуруучуларынын бири катары да билебиз. Ушул тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

- Чындыгында Жалал-Абад аймагынын интеллигенттери 1980-жылдардан баштап эле, жогорку бийлик органдарына Жалал-Абад шаары чоң шаарларга кирет жана аймактын элдин саны менен өндүрүшү, орто окуу жайларды эске алып, 4 факторго таянып жок дегенде бир жогорку окуу жайын ачып берүү сунушу менен кайрылышканы тууралуу көпчүлүк кабардар эмес болсо керек. Ошентип, бул университеттин жаралыш тарыхы 80-жылдардан башталат десем жаңылышпаймын. Ал эми, эгемендүүлүк алгандан кийин маселе оң жагына чечилип, 11 адамдан түзүлгөн атайын жумушчу топтун башчысы, ошол кездеги губернатордун орун басары Өмүрбек Текебаев, Э.Уметов, А.Мавлянов, А.Карабековтор менен эң жаш адис болуп мен да ЖАМУну ачуу боюнча Негиздемени иштеп чыктык. Ошол кездеги Жалал-Абадтын губернатору Абдужапар Тагаев жана обл.кеңештин төрагасы Тойгон Калматовдун аракеттери менен 1993-жылдын 2-апрелинде ЖАМУнун түзүлгөндүгү боюнча Президенттин жарлыгы чыкты. Эмгек жолум ЖАМУнун пайдубалы түптөлгөндөн баштап ушул күнгө чейин такай иштеп келе жатамын.

- Сизди Жогорку билим берүүдөгү реформаларга активдүү катышуучу жана реформаларды ишке ашыруучу катары республикада белгилүү адис деп эсептешет? Сиз үчүн аймакта жашап, иштеп жүрүп республикалык деңгээлдеги реформаларга түздөн түз сунуш берүү кыйын болгон жокпу?

- Эгемендүүлүк алгандан кийин жаңы университетибизди, жаңы Дүйнөлүк стандартка жооп берген багытта түзөлү деген максат койдук. ЖАМУнун жаралуу тарыхына да аралашып калгандыгым ЖАМУнун негизги бөлүмдөрүн алгачкы жолу уюштурууга жана жөнгө салууга түрткү берди. Менин жогорку окуу жайын түзүү боюнча алган тажрыйбам Республикада жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча ар кандай кеңешмелерде катышып, натыйжалуу сунуш берүүгө негиз боло алды.

Учурда да билим берүү реформалары боюнча сунуштарымды Билим берүү министрлигине сунуштап келем жана алардан да жооп алып тыгыз байланыштабыз.

- Быйыл Сиздин 60 жылдык юбилейиңиз белгиленгенүүдө, эмгек жолуңуздун 22 жылы ЖАМУда өттү. ЖАМУну түптөп жатканда 20 жылдан кийин университет кандай болсо деп элестээр элеңиз. Сиздин элестөөңүдөгү ЖАМУ болдубу же андан алдыга кеттиби же болбосо оюңуздагы абалга жетпей турабы?

- Ал кездин ченеми менен, чынын айтсам, биз ойлогон ЖАМУдан жакшы өнүктү, бүгүнкү күндө ЖАМУ көп тармактуу эл аралык университетке айланды. ЖАМУнун профессордук окутуучулар курамы, республикадагы эң алдынкы жамааттардын катарына кирет, кыска мөөнөттө ЖАМУдан 30га жакын илимдин докторлору, профессорлор, 100дөн ашык илимдин кандидаттары жана доценттер өсүп чыкты, түштүк региондон алгачкы жолу ЖАМУнун кызматкерлери К.Усенов менен А.Алибаев мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болушту. ЖАМУда 100гө жакын алыскы чет өлкөдөн келген студенттер билим алышууда. Аймактын баардык мектептеринде жана мекеме, ишканаларда ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү үзүрлүү эмгектенишүүдө. Мен, ЖАМУнун келечеги али алдыда деп эсептеймин, анткени биздин профессордук-окутуучулар курамындагы кызматкерлерибиздин илимий макалалары Кытай, Туркия, Германия, Австрия жана АКШ менен Россияда жарыяланып жатканы кубандырат. ЖАМУдагы илимдин докторлору республикадагы көптөгөн кандидаттык жана докторлук иштерди коргоо боюнча кеңештердин мүчөлөрү жана ЖАМУда илимий иштерди коргоо боюнча беш багыт боюнча адистештирилген кеңеш түзүлгөн. Бул жетишкендиктер ЖАМУнун эл аралык деңгээлдеги университет болооруна негиз түзөт.

- Кызыктуу маегиңизге рахмат!

Даярдаган Мейманбү Акжолова

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×