Добавить статью
15:24, 1 мая 2015 29684

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)

II БӨЛҮМ. Адамдын, жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери

1- БАП. Адамдын жалпы таанылган укуктары жана милдеттери

21-берене

1. Адамдын укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык жана бардык адамдарга бирдей, мыйзам менен коргоого алынуучу эң жогорку баалуулуктар болуп таанылат. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердигинин маани-маңызын аныктайт.

2. Кыргызстанда адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери жалпы таанылган эрежелерге жана ченемдерге, адам укуктары боюнча Кыргызстан катышкан эл аралык келишимдерге ылайык таанылат жана кепилдикке алынат.

3. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, улуту, саясий өңүтү, туткан дини, мүлктүк абалы, курагы, майыптуулугу жана башка өздүк же коомдук мүнөздө таанылган көз караштары боюнча кодулоого же кысымга алынбайт.

22-берене

1. Мыйзам алдында бардык адамдар бирдей. Адамдар, мамлекеттик кызматкерлер ушул Конституциянын жана башка мыйзамдардын талаптарына ылайык, башка адамдардын укугун, кадыр-баркын жана ар-намысын сыйлоого, коомдук жүрүм-турум эрежелерин жана ченемдерин сактоого, кыргыздын жолдуулук ченемдерине жана коомдук кызыкчылыктарга урматтоо менен мамиле жасоого негизделген этикалык кодекс менен аныкталат.

2. Жеке адам, өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруусунда, башка адамдардын укугун жана эркиндиктерин бузбоо, үй-бүлөнүн, жамааттын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирбөө жоопкерчилигин тартат.

3. Башка өлкөлөрдүн жарандарын Кыргызстанга иштегенге, окуганга, эс алганга жана башка максаттар менен киргизүү квота менен жүргүзүлөт. Жашап, иштеп, окуп жаткан жана башка ишмердүүлүк менен алектенген иммигранттар кыргыз тилин жана тарыхын билүүгө, анын маданиятын, улуттук каада-салтын урматтап ызаттоого милдеттүү.

4. Кыргызстан алган эл аралык милдеттенмелерге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, саясий жүйөөлөр менен куугунтукталганда жана адам укугу бузулган жагдайда Кыргызстандан башкалка берилиши мүмкүн.

23-берене

1. Кыргызстан чет өлкөлөрдө жүргөн өз жарандарын коргоо жана калкалоо кепилдигин алат.

2. Кыргызстан жарандыгына карабастан чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын укуктарын, эркиндиктерин коргойт, маданий-экономикалык жактан колдоого алат.

3. Кыргызстандын жараны башка мамлекеттин талабы менен республиканын чегинен сыртка чыгарылбайт жана башка мамлекетке берилбейт.

2-БАП. Кыргызстанда адамдын, жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери

24-берене

Кыргызстанда :

1. Жарандардын ушул Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген эркиндиктери жана укуктары мамлекет тарабынан камсыз кылынат.

2. Ушул Конституцияда бекитилген укуктар жана эркиндиктер, адамдын башка Кыргызстан кошулуп кабыл алган белгилүү укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарбайт.

3. Жарандардын эркиндигин жана укугун коргоо, укук бузууларды болтурбоо, бузулган укуктарды ордуна келтирүү, мамлекеттик бардык бийлик органдарынын жана кызмат адамдарынын милдети болуп саналат.

4. Адамдын ар намысы, инсандык кадыр-баркы ыйык жана алардын кол тийбестиги мыйзамдар менен корголот.

5. Ар бир адам ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иш-аракеттерди жана иштерди жасоого укуктуу.

25-берене

Кыргызстанда :

1. Адамдын Кыргыз Республикасына таандыгы, жарандык берүүнүн тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.

2. Кыргызстандын жараны бир жактуу өз жарандыгынан ажыратылбайт жана жарандыгы өзгөртүлбөйт, аны өзгөртүү жарандын жеке укугу.

26-берене

1. Жаран мыйзамга ылайык укуктарга ээ жана ага тагылган милдеттерди аткарат.

2. Жарандардын укугу жана милдеттери жөнүндө Кыргызстандын мыйзамдары бардык жарандарга бирдей колдонууга жатат, Кыргызстандын Конституциясында жана жарандарды социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдарда жол берилген шарттардан тышкары эч бир жаранга өзгөчө артыкчылык жана укук берилбейт.

27-берене

Кыргызстанда ар бир адам төмөнкүлөргө укуктуу:

1. Табигый жашоого, өмүрүнүн мыйзамсыз, кыянаттык менен кыйылбастык кепилдигине;

2. Өзүнүн жана башка адамдардын өмүрүн, алардын ден-соолуктарын мыйзамсыз кол салуулардан коргоого;

3. Жеке жашоосунун кол тийбестигине, кадыр-баркын жана ар-намысын коргоого;

4. Анык маалымат чогултууга, сактоого, колдонууга жана аны оозеки, жазуу жүзүндө жайылтууга;

5. Эркин ой жүгүртүүгө жана өз ой-пикирин ачык билдирүүгө, сөз, басма сөз эркиндигине жана аларды тоскоолсуз жайылтууга;

6. Өз оюн жана ынанымын ачыкка чыгарууга мажбурлабоо кепилдигине;

7. Дин тутуу же кыргыздын байыркы ишенимин кармануу эркиндигине жана атеисттик ынаным кепилдигине;

8. Өз улутун эркин жарыялоого;

9. Өз эне тилин сактоого жана өркүндөтүүгө;

10. Ар бир адам каалаган техникалык каражат менен кабарлашууга, сүйлөшүүгө жана алардын купуялуулугуна. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык соттун чечиминин негизинде гана жол берилет;

11. Мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын, коомдук уюмдардын мыйзамсыз аракеттерине каршы даттанууга;

12. Арыздарына, даттанууларына жана кайрылууларына, алар түшкөн тартипте, бир айдын ичинде көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат алууга;

13. Мамлекеттин эсебинен жигердүү укуктук жардам алууга;

14. Соттолгон адам ишин, мыйзамга ылайык, жогору турган сотто кайра каратууга;

15. Жазалоо чарасына ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү суранууга.

28-берене

Кыргызстандын жарандары төмөнкүлөргө укуктуу:

1. Коомду жана мамлекетти түздөн-түз же өздөрү шайлаган өкүлдөрүнө укугун табыштоо аркылуу башкарууга катышууга;

2. Улуттук Курултайга, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоого жана аларга шайланууга, референдумдарга катышууга;

3. Республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга;

4. Республикалык жана жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга жана бюджеттик киреше-чыгаша боюнча маалымат алууга;

5. Өзүнүн коомдук саясий жигердүүлүгүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык куралсыз, тынчтык жолу менен жыйындарда, митингдерде, демонстрацияларда, жөө жүрүштөрдө жана пикеттерде бийлик органдарына алдын ала билдирүү менен ишке ашырууга;

6. Биригүү эркиндигине;

7. Билим алууга жана илим изилдөөгө;

8. Эмгектенүүгө жана эс алууга;

9. Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу кызматтарына бирдей орношууга;

10. Кесиптик жана чыгармачылык союздарды түзүүгө;

11. Иш таштоого;

12. Экономикалык эркиндикке, мыйзам тыюу салбаган өзү каалаган экономикалык ишмердүүлүктө жөндөмүн жана жеке мүлкүн эркин колдонууга;

13. Өз менчигин өзү каалагандай колдонууга жана пайдаланууга, өзүнүн акыл-эс жана чыгармачылык ишмердигинин үзүрүн көрүүгө.

14. Саламаттыгын сактоого, мамлекеттик саламаттык сактоо тармагынын кызматынан мыйзамга ылайык акысыз пайдаланууга;

15. Турак жай күтүүгө;

16. Кыргызстандын чегинде эркин жүрүүгө, убактылуу турууга, жашаган жерин тандап алууга, Кыргызстандан каршылыксыз эркин чыгып жана кайтып келүүгө;

17. Мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик сырга байланыштуу өзгөчө маалыматтардан сырткары мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарындагы, мекемелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга;

18. Өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө жалган маалыматтарды алып салууга, маалыматты тактоодо, сактоодо, жайылтууда келип чыккан моралдык жана материалдык зыянды төлөтүү талабы менен сотко кайрылууга;

19. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга;

20. Кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен кайрып алууга;

21. Ар ким мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралуу маалыматтарды алууга.

22. Ар кимге мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга.

29-берене

1. Кыргызстанда жеке менчик адамдын ажырагыс укугу катары таанылат жана кепилдикке алынат, анын жашоо турмушунун, ишмердүүлүгүнүн жана чыгармачыл жигердүүлүгүнүн табигый булагы катары каралат, экономикалык жана жеке инсандык көз карандысыздыгынын кепилдиги.

2. Менчикти пайдалануу башка адамдардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирбегендей, коомдун кызыкчылыктарына, жер-сууга, курчап турган табигый чөйрөгө жана табигый ресурстарга кедергисин тийгизбегендей жүргүзүлөт.

3. Жарандарга интеллектуалдык менчигин коргоо кепилдиги берилет.

4. Кыргызстанда мурас укугу мыйзам аркылуу корголот жана кайтарууга алынат.

30-берене

1. Кыргызстандын жараны адистигине жана жөндөмдүүлүгүнө жараша жумуш же кызмат тандап алууга, техникалык коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына ылайык эмгек шартына, эмгек акы алууга жана социалдык коргоого укуктуу.

2. Эмгектенүүнүн жана жумуш убагынын мөөнөтү, жума ичиндеги эс алуу күндөр жана жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишке ашыруунун шарттары мыйзам жана эмгек келишими менен аныкталат.

3. Билим берүүдө, саламаттык сактоодо, укук коргоодо, экономикада жана маданиятта, теориялык илимден тышкаркы илим изилдөөдө, мамлекеттик жана аскердик кызматта жана мамлекеттин башка тармактарында жарандардын жетишкен эң мыкты эмгектери, аскердик күжүрмөн даярдыктары жана илим изилдөөлөрү өндүрүшкө киргизилип же турмушка ашып, экономикалык же социалдык олуттуу натыйжа бергенде гана, аларга атайын наамдар жана илимий даражалар ыйгарылат.

4. Атайын наамдардын жана илимий даражалардын түрү жана саны, алардын максаттуулугу эл аралык ченемдерге ылайык, мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен киргизилет.

31-берене

1. Жарандарга жана социалдык жактан муктаж адамдарга медициналык кызмат мыйзамга ылайык акысыз көрсөтүлөт. Акысын төлөп дарыланууга мыйзам тарабынан бекитилген негизде жана тартипте жол берилет.

2. Кыргызстандын жарандары ден-соолукка жагымдуу жаратылыш чөйрөсүн күтүүгө акылуу. Ким болсун, жашоосундагы жаратылыш шартына, ден соолугуна же мүлкүнө физикалык же юридикалык тараптардын келтирилген зыяндарын төлөтүп алууга укуктуу.

32-берене

1. Негизги жалпы билим алуу акысыз жана милдеттүү. Акысын төлөп билим алууга мыйзам тарабынан бекитилген негизде жана тартипте жол берилет.

2. Мамлекет жаштарды бир жумушчу адистигине акысыз окутууга милдеттүү.

3. Илим изилдөө жана жаңы технологияларды иштеп чыгуунун мамлекеттик стратегиясы университеттерде, жогорку окуу жайларда жана атайын илим изилдөө институттарда түптөлөт.

4. Улуттук жана фундаменталдык илим изилдөөиштеримамлекеттик бюджеттен каржыланат.

5. Мамлекет жарандарга руханий тарбия берүүнүн булагы катары маданий баалуулуктар менен таанышууга, искусство менен алектенүүсүн колдоого алат.

6. Мамлекет дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүнү колдоого алат.

33-берене

1. Үй-бүлө - коомдун негизи, генофондду сактоо, балдарды багып-өстүрүү, аларды тарбиялоо, ата-энелердин табигый укугу жана жарандык милдети.

2. Үй-бүлө күтүүдө, мыйзам менен катар, кыргыз элинин салттуу адаттары колдоого алынат.

3. Балалык – мыйзам менен бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана артыкчылыктуу корголот. Балдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө жана тарбияланышына, ата-энелери, балдардын мектеп жашына чейинки мекемелери жана тарбыячылары, мектептер, кесиптик, орто жана жогорку окуу жайлары милдеттүү.

4. Жашы жеткен, эмгекке жарамдуу балдар ата-энелерине кам көрүүгө милдетүү.

5. Улууларды урматтоо, туугандарына жана жакындарына кам көрүү адамдардын ыйык милдети.

6. Мамлекет жетим же ата-эненин багуусунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат жана аларды чет өлкөлүк жарандарга асыроого жол бербейт.

34-берене

1. Кыргызстандын жарандары карылыгына, оорусуна байланыштуу эмгекке жарамдуулугун жоготкондо, багуу камкордугун көргөн жакындарынан айрылса же багуу камкордугун көрчү адамы жок болсо, мыйзамга ылайык социалдык камкордук көрсөтүлөт.

2. Коомдун экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсиялар, жөлөк пулдар жана социалдык жардамдын башка түрлөрү мыйзамда аныкталган тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмүнөн кем эмес турмуш деңгээлинде камсыз кылынат.

3. Мамлекеттин социалдык ишмердиги жарандын өзү жана үй бүлөсү үчүн экономикалык жыргалчылыкка өзү жетишүүгө болгон экономикалык эркиндигин, жигердүүлүгүн жана мүмкүнчүлүгүн алмаштырган мамлекеттик камкордукка айлантпоо жоопкерчилигинде жүргүзүлөт.

35-берене

1. Кыргызстандын жарандары турак жай менен мамлекеттик, муниципалдык, кооперативдик жана жеке турак-жай фондусун өнүктүрүү жолу аркылуу, мыйзамдарга ылайык жарандарга турак жайлуу болууга көмөк көрсөтүү шарттарына жана тартибине жараша камсыздалат.

2. Турак жай кол тийгис. Эч ким турак жайга, анын жашоочуларынын эркинен тышкары кире албайт.

3. Мыйзамда каралган учурда гана тинтүү жана башка иштерди жүргүзүү, турак жай ээсине көрсөтүлгөн аракеттердин мыйзамдуулугун сот аркылуу коргоо укугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.

36-берене

1. Мекенди коргоо Кыргызстандын ар бир жаранынын ыйык милдети.

2. Кыргызстандын жарандыгы бар ар бир уланы аскер кызматын өтөөгө милдеттүү.

3. Курчап турган чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо мамлекеттин жана ар бир жарандын милдети.

37-берене

1. Ар бир жаран жана жарандыгы жок адамдар салыктарды жана төлөмдөрдү мыйзамдарга ылайык өз убагында төлөөгө милдеттүү.

2. Экономикалык көмүскө ишмердүүлүк менен алектенип, салыктарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн качуу- экономикалык кылмыш болуп эсептелет.

38-берене

1. Эч ким мыйзамдын талабына ылайык соттун чечими чыкмайын камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

2. Конституция жана мыйзамдар коомдогу тараптардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, чек ара бүтүндүгүн, Конституциялык түзүлүштү коргоо максатында гана адамдын социалдык, саясий жана жарандык укугуна жана эркиндигине мыйзамдуу чек коюууга жол берет.

39-берене

1. Эч ким прокурордон санкциясыз 48 сааттан жана соттун чечимисиз 10 суткадан ашык мөөнөткө кармалбоого тийиш, адам коомго коопсуздук жаратпаса 6 айдан ашык кармалбоого тийиш.

2. Кармаган орган тарабынан, ар бир кармалган адам, кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгө чейин кандай гана жагдай жана учур болбосун, кармоонун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн прокурорго, ал эми 10 сутка өткөнгө чейин сотко жеткирилиши керек.

3. Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу камсыз кылынат.

4. Кармалган адам мыйзамда белгиленген тартипте жана мезгилине жараша кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүүгө укуктуу. Адамды кармоого негиздер жок болсо, ал адам токтоосуз бошотулат.

5. Эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып, адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого, адвокаттын квалификациялуу жардамынан пайдаланууга жана коргоочу күтүүгө мүмкүндүк берилет.

40-берене

1. Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экендиги далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирмейинче кылмышка күнөөлүү деп эсептелинбейт. Бул принциптин бузулушу сот аркылуу ага материалдык жана моралдык зыянды төлөп берүүгө негиз түзөт.

2. Тергөөдө жана соттук териштирүүдө айыпталуучуга коргонуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр берилет.

3. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кошумча юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш.

4. Сот өндүрүшүнүн мөөнөтү бир инстанцияда 6 айдан ашпоого тийиш.

5. Мыйзамда “өзгө оор”-деп каралган кылмыштарды жасагандарга жазалоонун өзгөчө чарасы-өлүм жазасы колдонулат.

41-берене

1. Кылмыш ишин тергөө көз карандысыз бирдиктүү териштирүү органы -Тергөө комитети тарабынан жүргүзүлөт. Тергөө комитетинин түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.

2. Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатураны уюштуруу жана анын ишмердиги, ошондой эле адвокаттын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат.

3. Жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап сотторду түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.

4. Айылдык жана конуштук Аксакалдар соттору, жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүдө кыргыздын жолдуулук ченемдеринин жана улуттук этикасынын сакталышын карайт. Аксакалдар сотун түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
45261

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
30706

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
59268

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
40854

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
12844

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
14870

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
33669

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
16245

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
17636

29-04-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
45846

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×